Фоторепортаждар: Балдарга билим берүүчү “Баластан” телеканалы жаңы студиялуу болду

Эми мында бөбөктөргө ылайыкталган “Билесиңби?”, “Глобус” жана “Телесабак” аталышындагы жаңы программалар тартылат. “Баластан” телеканалынын продюсери студия ачылгандан кийин алдыда чоң жоопкерчилик турганын айтты. 

Алардын бири балдарга арналган берүүлөрдүн сапатын жакшыртуу. Ошол эле учурда айыл жергесиндеги жеткинчектерди эске алуу менен кыргыз тилиндеги программалардын санын көбөйтүү. Белгилей кетсек, буга чейин каналдын өзүнө караштуу студиясы болгон эмес. Берүүлөрдү КТРКнын жалпы студиясынан тартып келишкен.