Фоторепортаждар: Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын башчысы КТРКга келди

15-сентябрда КТРКга Кыргыз Республикасындагы шайлоону байкоо жүргүзүү боюнча чектелген миссиянын башчысы Томас Бозеруп мырза жана медиа адис Клаудия Аракела келди.

КТРКнын Башкы директору өкүлдөр менен болгон маегинде, КТРКда шайлоо алдындагы дебаттарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жол-жоболору жана процесси жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, коноктор дебаттар болуп жаткан студияларда болушту.