Фоторепортаждар: Индонезияда учак кулаган жерде суучулдар издөө иштерин жүргүзүп жатат

Индонезиянын бийлиги ишембиде кырсыкка учурап, деңизге кулап түшкөн «Сривижая Эйрлайнз» авиакомпаниясынын «Боинг-737» учагынын калдыктарын издеп жатат. Экипаж менен байланыш учак абага көтөрүлгөндөн төрт мүнөттөн кийин үзүлгөн. 

Учакта 63 киши болгон, анын 12си эпипаждын мүчөлөрү. Алардын арасынан тирүү калганы жок. Учак баш калаа Жакартадан өлкөнүн батышындагы Понтианак шаарына багыт алган болчу.