Фоторепортаждар: УКМК Абылгазиев кымбат баалуу мүлктөрүн башка адамдарга каттатып койгон деп эсептейт

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана элиталык көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган.