Фоторепортаждар: Маалыматтык кызматташуу

Түркияда иштеп, окуп жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 30 миңге жетет. Аларга кыргыз тилиндеги көрсөтүүлөрдү камдап берүүнү көздөгөн делегация аталган өлкөдөн Кыргызстанга келди. Ошондой эле Кыргызстанга туристтерди тартуу максатында биздин өлкө тууралуу тасмаларды даярдап, Түркиянын ири мейманкаларында көрсөтүү демилгелери көтөрүлдү.

Түркиянын журналисттер конфедерациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мевлют Йени баштаган курам КТРКнын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн журналисттери тажрыйба алмашып, маалымат алмашууну арттыруу маселеси талкууланды. КТРКнын башкы директору Бахтияр Алиев Түркиянын ТРТ-Аваз телеканалы менен буга чейин үзүлүп калган байланышты калыптандырууга кызыкдар экенин билдирди.

Назми Пынар Түркиянын алдыңкы телеканалдарынын журналисти. Анын айтымында,
Кыргызстандагыдай эле түркиянын социалдык тармактарында жалган маалыматтар жайылып, коомду жасалма маалымат менен дүрбөткүсү келгендер бар. Андыктан КТРК Түркияда дагы көрсөтүлүп, ал жактагы кыргыз жарандарын Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды такталган маалыматтар менен камсыздап турушу зарыл.

Белгилей кетсек, түркиянын медиа айдыңы дүйнөнүн алдыңкы катарында турат. Келген делегация бул жактагы журналист, блоггерлер менен да жолугушуусу күтүлүүдө.