Фоторепортаждар: Душанбе шаарында ЖККУ саммитинин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты.


Жыйын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн башчылары регионалдык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин, ошондой эле Афганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты.


Саммит Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.