Фоторепортаждар: КТРК мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон кызматкерлерин куттуктады

Бүгүн, 28-сентябрда КТРКнын Башкы директору Бактияр Алиев өлкө башчысы тарабынан мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан корпорациянын кызматкерлерин сыйлады. Сыймыктуу кызматкерлерибизге ден соолук, чыгармачылык эргүү жана талыкпаган эмгектери үчүн ыраазычылык каалоо-тилектер айтылды.


Эске салсак, өлкөнүн маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Түгөлбай Казаков баштаган бир катар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышкан.


III даражадагы “Манас” ордени менен композитор, КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын редактору, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Казаков Түгөлбай Токтогулович сыйланган.


“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы төмөнкү кызматкерлерге ыйгарылган:


КТРКнын “Ала-Тоо 24” телеканалынын жогорку категориядагы телеоператор- координатору Асанов Нуркамил Турдубаевич;


КТРКнын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын комментатору Итигулова Чынара Кайбалиевна;


КТРКнын “Замана” таңкы берүүсүнүн кабарчысы Кожогулов Атахан Бейшеналиевич;


КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын баяндамачысы Тезекбаева Элмира Асанбековна.


Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган кызматкерлер:


КТРКнын “Биринчи радио” радиостанциясынын баяндамачысы Егинбаева Ирина Егинбаевна;


КТРКнын программалар дирекциясынын пландоо боюнча координатору Какенова Жаңыл Чекировна.


Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардак наамы менен КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө-акын, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору Болгонбаев Азамат Таалайбекович сыйланган.