Фоторепортаждар: Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жалпы жамааты Бишкектеги "Кара-Жыгач" сейил багына бак тигишти

Бүгүн республика боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул күнү өлкөдөгү жарандар, мекеме, ишканалардын кызматкерлери жапырт айлана-чөйрөнү иретке келтирип, көчөлөрүн тазалап, аймакты жашылдандыруу максатында көчөттөрдү отургузушту. Бул жолу Коомдук телерадио берүү корпорациясынын жалпы жамааты Бишкектеги "Кара-Жыгач" сейил багына бак тигишти.