Фоторепортаждар: Орозо айында ыйык "Куран" китебинин кыргызча котормосу жарык көрдү

Эркин котормочу Темиралы Кунашов көп жылдан бери курандын аяттарына, анын котормолоруна кызыгып изденип бир нече эмгектерди топтогон. 

Ал буга чейин башка тилге куранды которгон котормочулар менен чогуу иштеп алардын эмгектери менен таанышып, көп жылдык мээнет коротту. Китептин бетачары Коомдук биринчи каналда өтүп, ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бир катар китеп сүйүүчүлөр катышты.

Кыргызча которулган китептин ичиндеги жасалгасы ар бир сүрөнүн алдындагы кооздолгон өзгөчөлүктөрдүн баары кыргыздын этно оймолору түшүрүлүп жасалган. Китеп биринчи этапта миң нуска менен басылып чыкты. Кийин дагы суроо-талапка жараша көп нускада чыгарылат.