Фоторепортаждар: Кино искусствосунун залкары Никита Михалков Улуттук 1-каналда

Тарткан көркөм фильмдери менен ааламга таанылган, дүйнөлүк “Оскар” (1995), Венеция кинофестивалынын “Алтын арстан” (1991), Канн кинофестивалынын Гран-При (1994) жана башка киноискусствосунун абройлуу сыйлыктарынын жеңүүчүсү, Россия Федерациясынын Баатыры, Эл артисти, Россиянын үч жолку мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “Мекен алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн” орденинин толук ковалери Никита Сергеевич Михалков бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясында мейманда болду. Кадырлуу мейманды корпорациянын жетекчиси Кайрат Иманалиев тосуп алып, мекеменин тарыхы жана баскан жолу менен тааныштырды. Эки тараптуу сүйлөшүүдө Кайрат Иманалиев Никита Михалковдун Кыргызстанга келип, Улуттук 1-каналга маектешүүгө макулдук бергенине ыраазычылык билдирип, Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, Никита Сергеевич жетектеген Россия Федерациясынын “Кино жана театр борбору”  менен кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

        Никита Михалков өз сөзүндө корпорациянын жамаатына ийгилик каалап, “Улуттук” статус” алышы менен куттуктады. Ошону менен катар Россиянын кино өндүрүүчүлөрү тарабынан Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын телеканалдарына контент берүү жагынан көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди. Корпорациянын алдындагы “Кыргызтелефильм” студиясынын ишмердүүлүгүнө кызыкдар экендигин белгилеп, кыргыз киносунун жаратмандарын эскерип олтурду. Ал агасы Андрей Сергеевич Кончаловский менен 1965-жылы 20 жашында Кыргызстанга келип “Биринчи мугалим” көркөм тасмасын тартууга катышканын сыймыктануу менен кеп кылды. Кадырлуу меймандын жана анын  атасы, классик акын  Серьгей Михалковдун, энеси, жазуучу, котормочу Наталья Кончаловскаянын, агасы Андрей Кончаловскийдин кыргыз маданиятына кошкон салымдары зор экендигин Кайрат Иманалиев баса белгилеп, ыраазычылык айтып,   улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун орус тилиндеги 4 томдук чыгармалар жыйнагын белекке берди. Никита Михалков Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына таазим кылаарын айтып, Айтматов туураалуу жылуу пикирлерин айтып эскерди.

       Жолугушуунун соңунда Никита Сергеевич Михалков Улуттук 1-каналдын “Евразия мейкининде”  көрсөтүүсүнө катышып кеңири маек берди.