Фоторепортаждар: Мясникович Михаил Владимирович Улуттук биринчи каналда

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Мясникович Михаил Владимирович бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясында мейманда болду. Кадырлуу мейманды корпорациянын жетекчиси Кайрат Иманалиев тосуп алып, мекеменин тарыхы жана баскан жолу менен тааныштырды. Эки тараптуу сүйлөшүүдө Башкы директор Бишкек шаарында өткөн Евразия экономикалык форуму жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны корпорациянын каналдары аркылуу түз эфирде чагылдырылып, коомчулук өзгөчө маани бергенин айтып өттү.

 Михаил Владимирович өз сөзүндө, Белорусь мамлекетинде жооптуу кызматта турганда, Беларусь мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин имаратын курдурганын эстеп, телерадио тармагынын ролу өзгөчө экендигин баса белгиледи. Ал кезегинде Беларусь Республикасынын Премьер-министри, Президентинин Администрация башчысы, Улуттук жыйынынын кеңешинин төрагасы сындуу мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Кадырлуу мейман, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун орус тилиндеги 4 томдук чыгармалар жыйнагын белекке алып жатып, жазуучунун чыгармаларынан өзгөчө таасир алаарын айтты.

 Жолугушуунун соңунда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Мясникович Михаил Владимирович Улуттук 1-каналдын “Евразия мейкининде” көрсөтүүсүнө катышып кеңири маек берди.