Фоторепортаждар: Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салтанат өттү

Бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Майрам «Наристе» II Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын алкагында уюштурулган параддык жүрүш менен башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келишкен 3 миңден ашык бала катышты.
Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө балдарды бүгүнкү майрамы жана балдардын чыгармачылык жолунда маанилүү кадамы боло турган фестивалдын башталышы менен куттуктады.
Президент комузчулар ансамблинин өнөрүн угуп, көркөм сүрөт жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышты, борбор калаанын Эмен багындагы көргөзмө аянтчаларында болду, анда балдардын чыгармачыл жамааттарынын эмгектери коюлган.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мамлекет башчыга бардык аянтчалар, анын ичинде балдардын робототехника, программалоо жана башкалар боюнча жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Андан соң, Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймактарынан билим, чыгармачылык, спорт жана башка тармактарда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон таланттуу мектеп окуучулары менен баарлашты.
Иш-чара 500 бийчинин катышуусунда «Кара жорго» бийин аткарган флешмоб менен аяктады.