Фоторепортаждар: Аутизми бар балдар жылмаюуңар менен бөлүшүүгө чакырат

Бүгүн Г.Айтиев атындагы сүрөт өнөр музейинде “Жылмаюуң менен бөлүш” аттуу балдардын колу менен жасалган сүрөттөрдүн сатуу-көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө аутизми бар балдардын жана ата-энелеринин “Рука в руке” коомдук бирикмесиндеги балдардын сүрөттөрү, “Мария” бий спорт клубунун жаш сүрөтчүлөрүнүн жана “DI“ көркөм өнөрканасынын эмгектери сунушталат. Аутизми бар балдардын көпчүлүгү сүйлөй алышпайт, ошондуктан алар сезимдерин боёктор аркылуу билдиришет.Аталган көргөзмө 19-январдан 4-февралга чейин ачык. Белгилей кетсек, көргөзмөдө сүрөттөрдү сатып алуу болот. Сатуудан түшкөн баардык каражаттар аутизми бар балдарга жардам фондуна берилет.