Жаңылыктар
Баткен: аскер кызматкерлерине турак-жай берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: аскер кызматкерлерине турак-жай берилет

Май айында Баткен шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн салынып жаткан турак-жайлар пайдаланууга берилет. Батирлердин ачкычтары Куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата тапшырылганы турат. Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын жүрүшүндө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аскерлер үчүн курулуп жаткан бул турак-жайлардын курулушу менен таанышып, Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды. Ошол эле маалда премьер-министр дагы бир топ социалдык обьектилердин курулушу менен дагы жеринде таанышты.

Баткен шаарындагы аскер кызматкерлери үчүн салынып жаткан 3 кабаттуу үч турак-жайдын курулушу аяктап калды. Азыр үйлөрдүн ичиндеги курулуш жумуштары жүрүп жатат. 90 батирлүү турак-жай толук бүтүп, пайдаланууга берилсе Башкы штабдын, Улуттук гвардия, коргоо министрлиги жана мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине турак-жайлардын ачкычтары тапшырылат. Турак-жайлардын курулуш жумуштары менен таанышкан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекет аскер кызматкерлерин ар тараптуу колдоого жана алардын аскердик демин жогорулатууга баардык шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берээрин билдирди.