Жаңылыктар
Тамеки кутуларында зыяндуулугун эскерткен жаңы сүрөттөр пайда болот
Ден соолук
Тамеки кутуларында зыяндуулугун эскерткен жаңы сүрөттөр пайда болот

Өкмөт чылым чеккендерди тамекиден алыстатуу үчүн коркута албай убара тартууда. Эми экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдө сатылган тамеки кутуларында никотиндин зыяндуулугун эскерткен жаңы сүрөттөр пайда болот.

Биринчи жолу тамекинин зыяндуулугун эскерткен коркунучтуу сүрөттөр 2001-жылы Канада өлкөсүндө чыккан. Канаданын бийлиги тамеки өндүрүүчүлөрдөн чылымдан уулангандардын дарыланууга кеткен каражатын дагы төлөп берүүсүн талап кылышат.  Ал эми бул тажрыйбаны 2002-жылы Бразилия бөлүшкөн. Бул мамлекеттин бийлиги чылым чеккендер менен күрөшүү пайдасын берет деген чечимге келген.  Австралияда болсо, 2002-жылы тамеки кутусунун сыртындагы өндүрүүчү компаниянын логотиби өчүрүлүп, чылымдан ууланган дене мүчөлөрүнүн сүрөттөрү чаптала баштаган. Тамеки өндүргөн компаниялардын нааразычылыгына карабай, Австралия бийлиги логотиптерди кайра койдурган эмес. Жаңы Зеландияда мындай сүрөттөр 2008-жылдан бери чапталат. Бул мамлекетте кутудагы сүрөттөр бат-бат алмашып турат. Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү тамеки кутусунун сыртына эскертүүчү сүрөттөрдү чаптоо боюнча буйругун 2011-жылы чыгарган. Тамеки өндүрүүчүлөр бул боюнча арыз менен сотко кайрылган. Жыйынтыгында, бир жылдан соң аппеляциялык сот жаңы ыкманы мыйзамсыз деп таап, сүрөттөр алынган.