Жаңылыктар
Жалал-Абад: бала-бакчаларга карата чыккан чечимге ата-энелер нааразы болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: бала-бакчаларга карата чыккан чечимге ата-энелер нааразы болууда

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын бала-бакчаларга карата чыгарган чечимине ата-энелер нааразы болууда. Анткени башкармалыктын чечиминде бала-бакчада шаардын балдары 800 сомдон, ал эми айылдан келген, тагыраагы, шаарда каттоосу жок балдар 1 миң 300 сомго чейин төлөсүн деп көрсөтүлгөн. Ал эми ата-энелер менен адистер мындай чечимдин өзү эле бөлүп жаруу менен барабар экенин айтышууда.

Гүлзада Акматова 4 баланын апасы.Жолдошу экөө Базар-Коргон районунан шаардын Спутник кичи районуна көчүп келгенине 7 жыл толду. Гүлзада айымдын учурда 3 баласы шаардагы бала-бакчалардын бирине барат.Буга чейин 3 баласынын ар бирине айына деп 800 сомдон төлөп келген.Эми болсо,1200 сомдон төлөөгө туура келип жатат.Анткени шаарда каттоосу жок.Областык ооруканада дарыгер болуп иштеген жаш эне бул төлөм бир топ эле оор болуп жатканын кошумчалайт.Анткени жашаган батиринин да ижара акысы бар.