Жаңылыктар
Сексуалдык кулчулукка каршы кантип күрөшсө болот?
Кыргызстан жаңылыктары
Сексуалдык кулчулукка каршы кантип күрөшсө болот?

Акыркы мезгилдерде чет өлкөгө иш издеп кеткен кыздардын көпчүлүгү сексуалдык кулчулукка кабылаары айтылып келет. Жаңы жыл алдында чет өлкөгө жумуш издеп чыккан мекендешибиз Алина Шадыканова дагы Дубайга иш издеп барып, кулчулукка кабылганын анын апасы биздин каналга билдирип жардам сурады. Айтымында 3 жумадан бери Алинанын тирүү же кандай экени белгисиз болуп, дайыны чыкпай жатат.

Азыр Бишкекте батирде турган бул бүлөнүн айла-амалы түгөндү. Же ижара акысына акча жок же акча табам деп Дубайга кеткен Алинадан дайын жок. Алина Шадыканованын 3 баласы Кыргызстандагы апасынын колунда калган. Учурда апасы неберелери менен 1 бөлмөлүү муздак батирде күн кечирип жатат. Балдары болсо, апасы ана келет, мына келет деп, үмүттүү көздөр менен Алинаны күтүүдө.
Ал арада Анара Кыдыкова кызынын 3 баласын бооруна кысып, эртен кайда жашайм, кантип батирдин ижара акысын төлөйм деп отурат. Кызым аман-эсенби деген ой дагы сарсанаага салып, кыйноодо.