Жаңылыктар
Швейцарияда оор атлетчи Иззат Артыковдун иши боюнча сот болду
Спорт
Швейцарияда оор атлетчи Иззат Артыковдун иши боюнча сот болду

Швейцариянын Лозанна шаарында оор атлетчи Иззат Артыковдун иши боюнча сот болгонун Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Сотко Артыков менен Кыргызстандын оор атлетика боюнча вице-президенти Улан Молдодосов катышкан. 

Ошондой эле Мамлекеттик спорт агенттигинин башчысы Канат Аманкулов менен Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов онлайн түрүндө сотко күбө болушкан. Азырынча соттун чечими белгилүү боло элек. 

Сот бир нече саатка созулган. Эске салсак, Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага Кыргызстандан 19 спортчу катышкан. Алардын ичинен байгелүү орунга Иззат Артыков гана жетип, коло медаль тагынган. 

Бирок, 18-августта спорт арбитраждык соту Дүйнөлүк допинг агенттигинин маалыматына таянып аны байгесинен ажыраткан. Маалыматка ылайык, Артыковдун канынан тыюу салынган стрихнин заты табылган. Ал эми 2016-жылдын октябрында оор атлетика боюнча эл аралык федерация Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарынан төрт катышуучуну, анын ичинде Иззат Артыковду антидопинг эрежелерин бузганы үчүн дисквалификациялаган.