Жаңылыктар
Кайталангыс обондордун ээси Рыспай Абдыкадыров эскерилди
Маданият
Кайталангыс обондордун ээси Рыспай Абдыкадыров эскерилди

XX-кылымдын алп ырчысы, кайталангыс обондору менен карапайым калктын эсинде алигиче популярдуулугун жоготпой келе жаткан Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо бүгүн 76 жашка чыкмак. 

Кыргыздын чыгаан ырчысын анын замандаштары, өнөр инсандары жана мамлекеттик ишмерлер эскеришти. 

Замандаштарынын айтымында, Рыспай Абдыкадыров, адамдык сапаты бийик, улуу-кичүүнү сыйлай билген, эч бир жандын көңүлүн оорутпаган боорукер, бала кыял жан болгон. 

Рыспай Абдыкадыровдун көзүнүнүн өтүп кеткенине 23 жыл болгонуна карабай, ал өзү мураска калтырып кеткен же башкача айтканда Рыспайга экинчи өмүр берген обондору менен али да болсо жашап келет.