Жаңылыктар
Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна 195 адам кайрылды
Ден соолук
Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна 195 адам кайрылды

Жаңы жылдан берки он күн аралыгында Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна 195 адам кайрылды. Алардын ичинен 40 киши тайгаланып жыгылып, колу-буттарын кокустатып алышкандар. 

155 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланган. Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды кышкы суукта тоңгон жолдордо абайлап жүрүүнү эскертет. 

Өзгөчө унаалар көп жүргөн чоң жолдордон өткөн маалда жана муз катып калган тепкичтерден чыгып-түшкөндө өтө этияттык керек.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлап, кокустукка кабылган киши өз алдынча дарыланбай, дарыгерге кайрылышын сунуштайт.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"