Бишкектеги көпчүлүк тротуарлар менен жөө жүрүүчү аймактардын тазалыгын кароого жеке тараптар тартылат.
Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов билдирди. Анын айтуусунда, учурда атайын программа иштелип жатат.
Ага ылайык, тазалыкты камсыздоого ишкерлер катыштырылат.
“Тазалык” ишканасы калаадагы негизги унаа жүрүүчү көчөлөрдү гана тазалай турганын, чакан көчөлөр менен жөө жүрүүчү аймактарды тазалоого жетишпей турганын Коомдук биринчи каналга айткан.