Жаңылыктар
Жолду таап бере турган “Акылдуу жинсы шымдар” чыгарырылды
Билим
Жолду таап бере турган “Акылдуу жинсы шымдар” чыгарырылды

Келечекте айылдан келген адамдар шаарга келген учурда адашам деп эч коркпой койсо болот. Америкадагы француз компаниясы адамдарга көмөкчү болуп, адашып баратса, жолду таап көрсөтүп бере турган “Акылдуу жинсы шымдарды” чыгарууда. Тактап айтканда адашып оңду көздөй кетип баратсаңыз, шымыңыздын оң капталы дирилдеп "бул жакка бас" дегендей белги берип турат.

Адашып кеттиңизби? Эми жолду табууга телефондо орнотулган GPS функциясы гана жардам бербестен, ошондой эле джинсы шым көмөкчү боло алат. Лас-Вегастагы керектөөчү электроника көргөзмөсүндө француз компаниясы өзүнүн жаңы иштелмесин көргөздү. Бул джинсы шым сиздин смартфонуңуз менен Bluetooth аркылуу байланышат. Андан соң бурула турган жолду көрсөтүп, оң же сол тарабынан дирилдей баштайт.

Мындай “акылдуу” шымдын баасы болжол менен 100 АКШ долларын түзөт.