Жаңылыктар
Өлкөдө 2 жыл аралыгында дары-дармекке болгон баа кескин жогорулаган
Ден соолук
Өлкөдө 2 жыл аралыгында дары-дармекке болгон баа кескин жогорулаган

Кыргызстанда дары дармектерди,  арзан сатып алуу үчүн электрондук аянтча түзүү пландалууда.  Анткени акыркы эки жыл аралыгында дарыга болгон баа жогорулап кетти. Ал эми электрондук аянтча аркылуу фармкомпаниялардын  дары сатып алуу саясатын көзөмөлдөөгө болот. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн фарм компаниялары кымбат сатып жаткан дарылардын  баасын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул ишке ашса  базарларда сатылган сапатсыз дарыларга бөгөт коюууга мүмкүнчүлүк тузүлөөрүн  адистер  айтууда. 

 Өлкөнүн дарыканаларында  дары-дармектердин түрү турганы менен аларга болгон баа жогору. Айрым  жарандар  оорунун азабынан дарыгер жазып берген дарыны шашылып эки, үч эсе  кымбат баада  сатып алган учурлар көп. Ошол эле  дарыны базарлардан  арзан  баада сатып алып  ар кандай жагдайларга  кептелгендер   андан көп. Кээ бир дарыканалар аты бирдей, бирок фирмалары ар башка дарыны, сапатына шылтоолоп кымбат сатып жатканын  Мамлекеттик  монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери мониторинг жүргүзүп  аныктап чыккан.

Дарылардын сапатсыз болуп жатканына коомчулук ар дайым  нааразылыгын билдирип келет. Адистер,  аны   дарылардын лабораториялык текшерүүдөн өтпөй калгандыгы менен байланыштырышат. Бул иштерди   көзөмөлгө албай коррупциялык схемалар аркылуу дарыларды  каттоодон өткөрүп жатат  деп   дары дармек менен камсыз кылуу департаментинин ишин  депутат Айсулуу Мамашева  сындады:

Чет  өлкөдөн келген дары дармектердин 30 пайызы гана лабараториялык текшердөн өтөт.  Ал эми калгандары мындай эле каттодон өтүп жүргөн. Ошондуктан бул иштерди жакшы  көзөмөлдөбөгөнү үчүн  дармек менен камсыз  кылуу департаментинин жетекчиси  иштен  айдалды. Бирок жетекчини кызматтан алуу менен эле иш жакшырып кетет дегенден  алысмын. Иштин алгылыктуу  жана мыйзам  бузуусуз жүрүшүнө саламаттыкты сактоо министрлиги тыкыр көзөмөл  кылышы керек. 

Деген менен  бул айтылгандарды   саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев  четке кагып,  дарылардын сапаттуу жана тийиштүү баада болушу үчүн иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.  Ошол эле учурда министр ,  бул ишти жөнгө салууда коомчулук дагы кийлигишүүсү зарыл  деп эсептейт: 

Ошондуктан Кыргызстанда дары дармектерди,  арзан сатып алуу үчүн электрондук аянтча түзүп. Арзан баада жана сапаттуу дары дармектин сатып алуу боюнча тендерди он-лайн режиминде өткөрүү каралууда.  Электрондук аянча аркылуу фармкомпаниялардын  дары сатып алуу саясаттын көзөмөлдөөгө болот. Ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн фарм компаниялары кымабат саттып жаткан дарылардын  баасын соодалашуу жолу менен төмөндөтүп алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул ишке ашса  базарларда сатылган сапатсыз дарыларга бөгөт коюууга жардам берет дешүүдө адистер. Долбоорду жүзөгө ашырууда жарандык коом дагы активдүүлүгүн көрсөтүп  комплекстүү киришүү зарыл дешет адистер .

Биринчи радио, Бегайым  Абдыкадырова