Жаңылыктар
"Ататүрк" сейил багында жардыруу ишин уюштурган жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
"Ататүрк" сейил багында жардыруу ишин уюштурган жаран кармалды

Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында жардыруу ишин уюштурган жаран кармалды. Ички иштер министрлигинен билдирилген маалыматтарга караганда, окуя 4-январь күнү катталып, 5-январда Октябрь райондук ички  иштер  башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 234-“Бейбашчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Кармалган жаран мурда уурулук  боюнча  сот жообуна тартылган жана 2014-жылдан бери  республикалык  психикалык каттоодо турган. Учурда кылмышка  тийиштиги  бар адамдар бар жогу такталууда. Республикалык  психикалык  борбордун дарыгерлери  аталган борборго каттоого алынгандар  текшерүүгө  алынып турарын айтышып, оорулуу  өз  убагында кайрылбаса  туугандарына  билдирүү жиберилип турарын  билдиришти.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"