Жаңылыктар
Кыргызстанда ВИЧ менен жабыркагандардын саны өсүүдө
Ден соолук
Кыргызстанда ВИЧ менен жабыркагандардын саны өсүүдө

Алардын  көпчүлүк  бөлүгүн баңги заттарын пайдалануучулар жана жыныстык жол менен жугузгандар түзөт. Оорунун басымдуу бөлүгү  Чүй жана Ош облусттарында катталган. Тиешелүү министрликтин маалыматында, ВИЧ  илдети  мигранттар арасында көп катталып жатат. Бирок, бул айтылгандар  парламентчилердин сынына кабылды. 

Эске салсак,  Жогорку Кеңеште “Вич СПИД жөнүндөгу мыйзамга” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды.

Азыркы тапта бул оору менен жабыркаган  эки жарым миңден ашык  бейтап дарыланат. Кыргызстан  бүткүл дүйнөлүк СПИДди токтотуу боюнча миң  жылдыкты  өнүктүрүү программасына кошулган.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"