2017-жылдын 15-майында Кыргызстан толугу менен санариптик телерадио уктурууга өтөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында өткөн жыйында белгилүү болду. Кеңешмеде премьер санариптип телерадио берүүгө өтүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин эске салып, түшүндүрүү иштерин жандантуу тапшырмасын берди.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсү боюнча учурда калктын 95 пайызы санарипке өткөн. Эгерде санарипке өтсөк бекитилген 13 телеканалды өлкөдөгү бардык аймактын тургундары көрө баштайт. 2017-жылдын 15-майында Кыргызстан толугу менен санариптик телерадио уктурууга өтмөй болууда. Учурда «1212» республикалык түз байланышы иштейт, ал боюнча жарандар санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча суроолорго жооп ала алышат. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө санариптик телерадиоберүү менен өлкөнүн 95 пайыз калкы камтылган, алар санариптик телерадиоберүү сигналын кабыл ала алат. Эске салсак, Кыргызстан 2015-жылы санарипке өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Казакстан санарипке мындан беш жыл мурда, ал эми Орусия 2010-жылы өткөн.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"