Жаңылыктар
Зика вирусу Кыргызстан үчүн кооптубу?
Ден соолук
Зика вирусу Кыргызстан үчүн кооптубу?

Зика вирусу Кытайга жетти. Вирус  капысынан Түштүк Америкадан келгендиги айтылууда. Зика  вирусунун басымдуу катталып жаткандыгына байланыштуу , Бразилиянын шаарларында  жыл сайын өтүүчү элдик майрамдарга тыюу салынды. Вирусту жуктуруп алгандар Никарагуада көбөйүүдө. Колумбияда үчөө каза болду.  Орусияда  алдын алуу чаралары көрүлүп, атайын тест-системалар киргизилди. 

Кытайда Зика вирусунун алгачкы учуру катталгандыгын тастыкташты. Вирус жакында эле Туштүк Америкадан өз мекенине кайтып келген адамда аныкталды  деп жазат "Рейтерс" агенттиги. Азыркы учурда вирус  жуктуруп алган Цзянси (Чыгыш Кытай) провинциясынын Ганьсянь уездинин 34 жаштагы тургуну Венесуэладан 5-февраль куну кайткан.  Оорулууга  ооруканада  медициналык жардам көрсөтүүлүүдө, абалы  туруктуу дешет дарыгерлер.

Ал арада Бразилияда  4000 чукул микроцефалиянын учуру катталды.  ДССУ малыматына ылайык, учурда  бул мамлекетте 1,5 миллион  адам  вирусту жугузуп алды. Колумбияда болсо 1000 жакын адам жуктуруп, 3 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Ошондой эле Мексиканын  Акапулько курортунда   Зиканын биринчи учуру катталды.  Ал эми өлкө аймагында , акыркы бир жума ичинде эле  65 бейтап дартты жуктуруп алган. Мындан улам бийлик өкүлдөрү  калкты  алдын алуу чараларын көрүүгө , тулку бойду толугу менен жапкан  киийм кийүүнү сунуштап, Аедес чиркейи бар аймактарды  тазало иштерин жүргүүзүүгө чакырууда.   

Азырынча оорууну дарылоонун атайын жол-жоболору жок, бирок оорууга чалдыккандарга дене тапты түшүрүүчү жана оорууну басандатуучу каражаттар менен  жардам көрсөтүлүп жатат. Зикага каршы вакцина чыга элек, бирок Орусия  жана Европа окумуштуулары  препараттын үстүндө иш алып барууда.

Зика вирусунун жайылып жаткандыгын эске алуу менен Россиянын мамлекеттик думасынын  дене тарбия , спорт жана жаштар боюнча комитети  2016-жылдын августунда өтө турган  жайкы олимпиадалык оюндарды Орусияда өткөрүүнү сунуштоодо.   

Мындан тышкары Орусия кош бойлуу энелерди  27 мамлекетке  баруудан карманууга чакырууда, алардын арасында Барбадос, Боливия, Бразилия, Кабо-Верде, Колумбия, Эквадор, Сальвадор, Фиджи, ФранцияГвианасы, Гваделупа, Гватемала, Парагвай, Таиланд, Венесуэла  жана башка өлкөлөр бар.   

Зиканы жуктурган туристтер Орусияга вирусту алып келиши ыктымалдыгы айтылууда, бирок  Орусиянын аймагында   вирусту таркатуучу чиркей  жок. 

Орусияда декабрь айынан бери тез арада Зика вирусун адамдын канынан аныктай турган тест-системалардын жардамы менен чет жерден айыркча тропика өлкөлөрдөн келгендер текшерилип жатат .

Кыргызстанда да алдын алуу чаралары көрүлүп жаткандыгын оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик көзөмөл  департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева маалымдады. Анын айтуусунда,  өлкөдө Зика вирусунун тарап кетүүсүнө шарт  жок.

ДССУ, Түштүк жана Түндүк Америкада Зика вирусунун өтө тездик менен жайылгандыгын моюнга алып, бул эпидемияны глобалдык өзгөчө кырдаал деп атады. Анткени, бул диагноз  коюлган жарандардын саны өсүп жатат. Негизги тобокел топтор бул - кош бойлуу аялдар  болууда.  

Эгер чоң кишилер оорууну жеңил көтөрсө, оорууга чалдыккан энелерден ымыркайлары микроцефалия менен төрөлүүдө. АКШ ушул жылдын аягына чейин бул вируска каршы вакцинаны сынап баштай турганын билдирүүдө. Кошумчалай кетсек, Зика вирусу  дуйнөнүн 33 өлкөсүндө катталды.