Жаңылыктар
Мектептер 5 күндүк окууга өтөт
Билим
Мектептер 5 күндүк окууга өтөт

Кыргызстандын мектептери быйылкы окуу жылында 5 күндүк окууга өтөт. Бул туурасында маалыматты билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы таратты. Мекеменин буйругунда, 5 күндүк окуу 1-класстан 11-класска чейинки 30 сааттык окуудан ашпаган жалпы билим берүү мекемелердин баарына жайылтыла тургандыгы белгиленген. Окуу сааттары мамлекеттик билим стандарты менен түзүлгөн. 

Ага ылайык, 1-5-класстын окуучулары 20 саттан 30 саттка чейин окуйт. Ал эми 6-11-класстардын окуу убактысы 30-33 саат. Мындан улам ашыкча саатты алтынчы күнү окуу ата-энелердин макулдугу менен кошумча каралат деп жазылат билдирүүдө. Билим берүү министрлиги коомдук каналга билдиргендей, беш күндүк окутуу мектеп билимин оптимизациялоо максатында киргизилди. Билимдин сапаты окуган сааттардын көлөмүнөн көз каранды эмес, министрлик бул багытта сандан сапатты тандоодо деп белгилейт мекеме.