Жаңылыктар
Кыргызстандын 15 ишкана Орусияга экспорттого уруксат алды
Экономика
Кыргызстандын 15 ишкана Орусияга экспорттого уруксат алды

Кыргызстандын 15 ишканасы азык-түлүк продукциясын Орусияга  экспорттоого укук алганын вице-премьер-министр  Олег Панкратов тастыктады. 

Анын билдирсүүсүндө, Орусиянын Айыл чарба министрлиги жана Федералдык ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын жолдогон катында ветеринардык лабораторияларды кайра жабдуу чараларын эске алуу менен 8-февралдан баштап 15 кыргызстандык ишкана аталган өлкөгө товарларды экспорттой ала турганы айтылган:

"Тизмеде  даяр эт продукциясы, сүт азыктары жана  иштетилген балык азыктарына уруксат берилген. Бирок Кыргызстандан  азык-түлүк алуу биринчи ирет ишке ашып жаткандыктан ветеринардык көзөмөл  күчөтүлөрү белгиленүүдө. Бул ири Орусиялык рынокко чыгуу  болуп саналат. Уруксат берилип жатканынын өзү — чоң мүмкүнчүлүк. Мындагы  ийгилик анын жүрүшүнөн көз каранды болот" - дейт Панкратов.

Тизмеде эки балык өндүрүүчү жана этти кайра иштетүүчү ишканалар да бар.