Жаңылыктар
Хиджаб кийип, жүзүн жаап алган 2 кыз кассадагы акчаны уурдап кеткен
Кылмыш
Хиджаб кийип, жүзүн жаап алган 2 кыз кассадагы акчаны уурдап кеткен

Бишкектеги зергер дүкөнүнөн хиджаб кийип, жүзүн жаап алган 2 кыз кассадагы акчаны уурдап кеткен. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгы “Биринчи радиого” билдирди. Маалыматка ылайык, 11-январда  кыздар дүкөндөгү сатуучулардын кыймылын байкап туруп, кассадагы акчаны алып чыкканы видео байкоого түшүп калган. Алар өздөрүн таанытпоо максатында атайын “хиджап” кийип алгандыгы айтылууда. Ал эми дин өкүлдөрү Ислам динине жамынып алып, кылмышка барып, же туура эмес адеп-ахлак ты көрсөтүп жаткандар көп экенин айтат. Быйыл “Ыйман, адеп, маданият” жылында коомду дин жана салт-санаанын айкалышы менен тарбиялоо зарыл дейт талдоочулар.

Президент Алмазбек Атамбаев, жарыялаган  “Ыйман, адеп жана маданият” жылы көп кырдуу маанини билдирет. Мында жалаң гана жаштардын тарбиясына гана көңүл бөлбөстөн билим деңгээлин, таланттын маданияттуулугун өрчүтүүдө көп иштер жасалат. Өлкө башчынын мындай демилгесин  коомдук ишмерлер өз убагында жана  туура кабыл алынган кадам деп эсептөөдө. Мунун аркасынан өткөн жылдагыдай көптөгөн ийгилик жарата турган иштер жасалат деген үмүт чоң.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"