Жаңылыктар
Өкмөт башчынын Баткендеги сапары
Саясат
Өкмөт башчынын Баткендеги сапары

Баткен шаарынын өрткө каршы коопсуздук бөлүмү жаңы имараттуу болушту. Бул салтанатка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков катышты. Баткен облусуна жумуш сапарынын жүрүшүндө премьер-министр Кадамжайдагы былтыр селден талкаланган көпүрөнүн абалын да көрдү. 

Эки кабаттуу имаратта өрт өчүрүүчүлөр үчүн баардык шарт түзүлгөн. Өрт өчүрүүчү унааларга ылайыктуу жайлар, ашкана, атайы форманы кургатуучу жай менен окуу аудиториясынан бери бар. Сооронбай Жээнбеков өрткө каршы коопсуздук бөлүмүнүн жаңы имаратын көрүп, жумушчу бөлмөлөр, өрткө каршы техникалар менен таанышып чыкты.

Эми имараттын тышында да жаңы спорттук аянтчанын курулушу каралган. Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын ишин оптимизациялоо алкагында өлкөдөгү өрт кызматынын иши жакшыртылаарын ырастады. Натыйжада өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тутумун башкарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ошону менен бирге премьер-министр Кызыл-Кыя шаарында Манас баатырдын эстелиги ачылышына катышты. Эстелик Кызыл-Кыя шаарынын чыга беришине тургузулду. Анын айланасында Кыргызстандагы белгилүү адамдар жана тарыхый окуяларды чагылдырган паннолор бар.