Жаңылыктар
Улуттук “Аракет-2016” сыйлыгынын ээлери аныкталды
Маданият
Улуттук “Аракет-2016” сыйлыгынын ээлери аныкталды

Кыргызстандагы мыкты өндүрүш компаниялары аныкталып, улуттук “Аракет-2016” сыйлыгынын ээлери аныкталды. Ата-мекендик өндүрүштү колдоого алган азем бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында тапшырылды. Элдик добуш аркылуу мыктылардын мыктысын аныктаган иш-чарага кабарчыбыз да катышып келди. 

Өлкөдөгү өндүрүштүн мыктылары 13-январда мамлекеттик резиденцияга чогулушту. Конокторду майрамдык музыка менен маданият кызматкерлери тосуп алды. Ошол эле маалда жүрөктүн элесин түшүргөн статуеткалар менен белектер ээлерин күтүп турду.

Ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, журналисттер чогулуп, белгиленген убакытта Кыргызстандагы Аракет - 2016 улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи башталды. Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров алгач ирет уюштурулган өндүрүшчүлөрдүн сыйлыгынын мааниси өзгөчө экенин белгиледи.

Уюштуруучулар белгилегендей буга чейин Кыргызстанда өндүрүшчүлөргө арналган атайын сыйлык болгон эмес. Болсо дагы коммерциялык негизде аныкталып келген. Ата мекендик өндүрүшчүлөр бирлиги менен жергиликтүү товарларды сатып алуу тобу башынан эле мыктыларды аныктоо эч кандай акчасыз, элдик сыйлык болсун деп чечим кабыл алган.

Сыйлык жыл сайын өткөрүлүп тураарын айткан уюштуруучулар иш-чараны өкмөт дагы колдоого алганы ишкерлер үчүн стимул болоорун белгилешти.