Жаңылыктар
Баткен шаарында жаңы өрткө каршы бөлүктүн имараты ачылды
Өзгөчө кырдаал
Баткен шаарында жаңы өрткө каршы  бөлүктүн имараты ачылды

13-январда Баткен шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин Баткен облустук өрт коопсуздук башкармалыгынын 26-аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн административдик имарат комплексинин ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республиканын Өкмөт башчысы Жээнбеков Сооронбай Шарипович жана Кыргыз Республиканын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Боронов Кубатбек Айылчиевичтин  катышуусунда өттү.

Жаңы имарат Баткен шаарынын мэриясы тарабынан аэропортко жакын участкасында жер тилкеси куруу үчүн бөлүнүп берилип, Кыргыз Республикасынын Өзөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2013-жылы курулуш иштери башталган. Өрт коопсуздук башкармалыгынын административдик имарат комплекси Баткен облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын жана райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 26-аскерлештирилген өрткө каршы  бөлүктүн өздүк курамы тарабынан жүргүзүлгөн.

 Кубатбек Бороновдун айтымында учурда комплекстин короосунда волейбол, баскетбол жана кичи футбол аянтчаларынын  курулуштары каралууда. Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн даярдыгын күчөтүү максаттында жана күжүрмөн-кесипкөйлүүлүгүн арттыруу үчүн машыгуу аянтчасынын курулушу да каралган.