Жаңылыктар
ИИМ тарабынан Красная Речка мектеп-интернатына жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ тарабынан Красная Речка мектеп-интернатына жардам көрсөтүлдү

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектеген делегация Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында жайгашкан мектеп-интернатына музыкалык аппарат, сыналгы, кышкы бут кийимдерди, жаңы жылдык белектерди, окуу куралдарын, азык-түлүктөрдү, кир жуучу каражаттарды жана оюнчуктарды алып барышты. Балдар үйүнө жалпсынан 200 миң сомго чукул акча каражаты сарпталды. Аталган мектеп-интернатка ички иштер министрлиги жыйырма эки жылдан бери материалдык жардамдарды, колдоолорду жыл сайын көрсөтүлүп турат. Мектеп-интернатында, мектеп курагындагы ата-энеси жок балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланышат.
“Ар бир баланын негизги укуктарын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл. Балдар бактылуу болуп, тынчтыкта жашап, кыйынчылыктардан корголушу керек. Ар бир баланын жан дүйнөсүндө катылган талантты жүзөгө ашырууга жол беришибиз керек, - деди министрдин орун басары Курсан Асанов окуучулар менен жолугушуу учурунда. Ошондой эле К.Асанов өз чөнтөгүнөн 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын балдар үйүнө тапшырды.