Жаңылыктар
2017-жылы ЕАЭБ органдарында Кыргызстан төрагалык кылат
Саясат
2017-жылы ЕАЭБ органдарында Кыргызстан төрагалык кылат

2017-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында Кыргызстан төрагалык кылат. 

Булар: Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия Өкмөттөр аралык Кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши. 

Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин 2017-жылдагы төрагасы болуп вице премьер-министр Олег Панкратов бекиди. 

Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин видеоконференциялык байланыш эрежесинде өткөн кезектеги жыйында жарыяланды. 

Быйыл бул экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылууда - негизги милдеттер катары экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биримдикке мүчө-мамлекеттер арасында өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды алып салуу болуп жатат.