Нарын шаарында бир күндө беш адам дене мүчөлөрүн үшүккө алдырып, ооруканга түштү.
Ал эми Нарын районундагы «Чет-Нура» айылынын фермери Камчыбек Арыковдун үшүк алып кеткен бутунун манжаларын кесип салганга туура келди. Айтымында, ал мал четинде жүрүп, кечки саат бештен эртең мененки саат алтыга чейин катуу суукта калган.
Ошондой эле Нарын облустук ооруканасынын травматологиялык бөлүмүндө муздан жыгылып, буту-колун сындыргандар менен жолдун тайгактыгынан кырсыктагандардын саны арбын болууда.
Эске салсак учурда тоо арасындагы Нарын облусунда сууктун күчү түнкүсүн 25-30, күндүз 35-38 градуска чейин жетүүдө.