Жыл өткөн сайын, Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө кайыр сураган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Буга кошумча, ымыркай бөбөктөрү менен жол четинде, мечиттин айланасында кайыр сураган энелердин саны да арбып барат.
Негизи денесинен майып, же сокур бечаралар башка айла таба албай кайыр сураса, азыркылардын ден соолугу менен акыл-эси кем экенине күмөн бар. Бул туурасында шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспециясы билдирди.
Аталган инспекция жүргүзгөн рейд учурунда, өз алдынча эле кайыр сурап, акча жыйнап жүргөн 38 өспүрүм катталды.
Мындан сырткары, кыштын ызгаар сугуунда жаш балдары менен кайыр сурап жүргөн көп балалуу эне да күч кызматкерлери тарабынан социалдык коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Соцкызматкердин айтымында, бул эне мамлекеттен балдарынын ар бирине жөлөкпул алганына карабай кайыр суроону адат кылып алган.