Жаңылыктар
"Манас" аба майданында учак кулады
Өзгөчө кырдаал
"Манас" аба майданында учак кулады

Бүгүн,   эртең менен "Манас" аба майданынын жанында  жүк ташуучу учак кулады. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын алдын-ала берген болжолдуу маалыматына караганда, учак Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу тилкесинен алыс эмес жерде кулап түшкөн. 

Саат 8:30 түшкөн акыркы маалымат боюнча Туркиянын жүк ташуучу учагы Гонкогктон келе жатканы тастыкталып аба ырайынын бузулушуна байланыштуу конуп жатканда, аба майданына 500 метр жетпей турак жайлардын үстүнө кулап түшкөн. ӨКМдин маалыматы боюнча эки үй өрттөнүп жатат. 

Учурда, кырсык болгон жерге ӨКМ куткаруу кызматы жана тез жардам кызматтары чыгып кетишти.