Жаңылыктар
Россиядагы унаа кырсыктан 4 мекендешибиз каза болду
Кырсык
Россиядагы унаа кырсыктан 4 мекендешибиз каза болду

Орусиядагы автокырсыктан беш кыргызстандык каза тапканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

15-январда таңкы саат бештер чамасында Саратов облусунда “Вольво” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен “Тойота версо” жеңил унаасы сүзүшкөн. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Тойота версо» автоунаасынын ичиндеги кыргызстандык беш адам каза болгон. 

Кырсык Нижный Новгород - Саратов федералдык автожолунун 547-чакырымында катталган. Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталууда.