Жаңылыктар
Онкология борборуна 3 миллион сомдук жабдык сатылып алынды
Ден соолук
Онкология борборуна 3 миллион сомдук жабдык сатылып алынды

Улуттук онкология борбору 3 млн сомдук медициналык каражат жана хирургиялык жабдыктарды сатып алды. 

Онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Дамир Абдылдаевдин айтымында бардык жабдык борбордун өзүнүн бюджетинин эсебинен алынган. 

Аба тазалоочу жабдык, тонометр өңдүү жабдыктар 665 миң 500 сомго алынса, 580 миң сомго хирургиялык жабдык сатып алынган. Ошондой эле гемотологиялык анализатор, биохимиялык анализатор өңдүү жабдыктар 1 млн 69 миң сомго алынган. 

Мындан тышкары лабораториялык эмерек жана электрокардиограф менен камсыздалды. 

Дамир Абдылдаевдин айтымында мындай жаңылануу Онкология борбору түзүлгөндөн бери алгачкы ирет жасалды.