Жаңылыктар
Жаңы Конституция күчүнө кирди
Саясат
Жаңы Конституция күчүнө кирди

15-январдан тарта 2016-жылдын 11-декабрында кабыл алынган Баш мыйзам күчүнө кирди. 

Ошол эле учурда Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери бир жылдан кийин күчүнө кирмекчи. 

28-декабрда президент Алмазбек Атамбаев референдумда кабыл алынган “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон. 

Маалыматта айтылгандай, жаңы Баш мыйзам өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдеп, парламентаризмди күчтөндүрүп, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигиндеги укуктук мүчүлүштүктөрдү жоёт.