Жаңылыктар
Кыргызстан: Ондогон адамдын өмүрүнө себепкер учак кырсыгы иликтенет
Кырсык
Кыргызстан: Ондогон адамдын өмүрүнө себепкер учак кырсыгы иликтенет

Учурда, кырсык болгон жерде  Чүй облусунун жана Бишкек  шаарынын   тез жардам кызматтары  жана  психологдор  да  иштеп  жатышат.  Жабыркагандарга   медициналык жардам  көрсөтүлүп жатат. 

Кырсыкка байланыштуу оперативдүү маалыматтарды кабыл алуу  максатында  "112" ыкчам чара көрүү кызматы түзүлдү.   Кырсык болгон жерде  өкмөт  мүчөлөрү  маалымат жыйын өткөрдү. 

Манас" аэропортунун жанында кулаган учактан жабыркап  травматология жана ортопедия илимий борборуна  да  кайрылышты. Соңку маалыматтар  боюнча , ооруканага кайрылгандардын биринин абалы өто оор экендиги айтылууда. 

Бишкек мэриясы   жабыркагандарга жардамдарды кабыл алуу   борборлорун     ачты. Алар  борбор калаанын   6 жеринде  жайгашкан.

Ал арада  кыргызстандыктар  кырсыктан  жабыркагандарга   жардам иретинде  каражат   топтой  башташты.

 


Сүрөттөр Мирлан Токталиевдин жеке баракчасынан алынды