Жаңылыктар
Кыркка жакын адам өмүрүн алган учак кырсыгы
Кырсык
Кыркка жакын адам өмүрүн алган учак кырсыгы

Бүгүн таңга маал Чүйдүн Дача-Суу тилкесинде орун алган учак кырсыгынын себептери такталууда. Иликтөө иштерин эл аралык комиссия жүргүзөөрү айтылууда. Акыркы маалыматтар боюнча окуяда 35 адам каза таап, 20га жакыны оор жаракат алышкан. Окуя боюнча өлкөнүн транспорт прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда кырсык болгон жерде куткаруу тазалоо иштери уланууда. Кырсыктын масштабына кабарчыбыз Самат Асипов күбө болду.

Чуйдун Дача тилкесинде учак кулагандыгы тууралуу кабар тиешелүү мекемелерге таңкы саат 7:30да келип түшкөн. Учак өзү мындан 10 мүнөт мурун кулаган экен.
Жарым саатка жетпей окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы, тез жардам, тартип коргоо органдары жетти. Мындан сырткары кырсыктын кесепетин жоюга “Манас” аэропортунун бардык куткаруучу кызматтары тартылган.



Кырсыктын көлөмү канчалык чоң экенин алгач жергиликтүү тургундар сезишти. Бул маалда элдин көбү уйкуда болгону менен айрым үй-булөлөрдө жумушка кетүүгө камынып, мал тейлөөгө тургандар болгон. Учак кулаганда көпчүлүк чоң жарылуу болду деп ойлошкон. Катуу жаңырык чыгып, жер силкинип кеткенин айтышат.

Таң эрте кулаган учак Дача-Суу тилкесиндеги жыйырмадан кем эмес үйдү басып калган. Негизи кечээтен бери эле Бишкек шаарынын үстүн коюу туман каптап, учак эмес, унаанын жүрүүсү кооптуу болуп турган. Боинг 747 да конууга ушундай маалда кирген. Учак эртең менен аэропортко чыгыш тарабынан батышты көздөй кирип, биринчи конуу аракетинде учуу конуу тилкесинин жарыктандыруучу системаларын бузуп кеткен. 

Экинчи айлампага чыгаарда асманга кайра көтөрүлө албай калгандай. Учак Манас аэропортунан 1,5-2 чакырым гана аралыкта кулап түшкөн. Өкмөт өкүлдөрү кырсыктын себеби экипаж мүчөлөрүнүн жаңылыштыгы болушу мүмкүн экенин айтышууда. 

Кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык түзүмдөру тартылды. Куткаруу, өрт өчүрүү кызматтары. Учак кулап түшкөн Дача-Суу тилкеси 40-43 үйдөн турган. Министрлик куткаруу иштери менен бирге эле дароо жабыркаган турак-жайлардын, жашаган адамдардын толук санын тактоого жана учактын кара кутусун издөөгө киришти.

Ал эми кырсык тууралуу кабар түшөрү менен бул жерге тез жардам кызматынын 14 бригадасы келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, кырсыктан бардыгы 35 адам каза тапкан. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү. Экипаждын бир мүчөсү кырсыкта аман калган, кийин ал алган жараатынан улам ооруканада каза болду. 11 адам оор жаракаттарды алышкан. Алардын ичинен төртөө жаш балдар. Башында каза болгондордун жана жабыр тарткандардын өздүгүн тактоо да кызматкерлерге оор болду.

Боинг 747 учагы түркиялык myCARGO маркасы менен белгилүү болгон АСТ Аба жолдору компаниясына таандык болгон. Бул карго фирмасы дүйнөнүн ар тарабына кымбат баалуу буюмдарды, зыяндуу заттарды, тез бузулчу тамак-аштарды, жаныбарларды жана гуманитардык жардамдарды ташыйт. Учурда жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштери уланууда. Өлкөнүн транспорт прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин 280-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери башталды.