Жаңылыктар
Унаа кырсыгынан жабыркагандарга кол сунгандар
Кырсык
Унаа кырсыгынан жабыркагандарга кол сунгандар

Социалдык сайттардын колдонуучулары Дача-Суу айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жардам катары акча, азык-түлүк жана кийим-кече топтогон акцияны башташты.

Жардам бергиси келгендер үчүн Бишкекте төмөнкү даректери иштеп жатат: Манас проспектиси 9, Спорт Ордосу, “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнү, Жал районунда жана Жаш Гвардия бульвары 71 дарегинде жайгашкан балдар хосписи.

Мындан тышкары,  Ош шаарындагы  «ОшТВ» телеканалынын жамааты  бир күндүк эмгек маянасын авиа кырсыкта жабыр тарткан мекендештерге которот. Мындай чечим телеканалдын жамаатынын жыйналышында кабыл алынганын, аталган телеканалдан маалымдашты. 

Телеканалдагы 40тан ашуун кызматкерлердин баары бир күндүк айлык маянасын которуп берүү сунушун берип, колдошкон.