Жаңылыктар
Кутманов: кандайча тирүү калганыбызды түшүнбөй турам
Кырсык
Кутманов: кандайча тирүү калганыбызды түшүнбөй турам

Ал эми учактан аккан күйүүчү майдын жыты мурунду ачыштырат. Кырсыкты көргөн айыл тургундары кырсыктуу окуянын кандай болгонун биздин кабарчыбызга айтып беришти.

Күйүп, түтүнү басыла элек үй. Мында келин келип, той болмок. Бактыга жараша үйдө эч ким болгон эмес, кечинде келин менен күйөө шаарда калып, аман калышты. 

Жакшылыктын ээси болом деп турган Исак аксакалдын үйүнүн алдындагы коңшулары бири да кырсыктан аман калган эмес.


Исак, Дача-Суу айылынын тургуну: 7:10 мүнөт өткөндө болду. Жер титиреди окшойт деп ойлодук. Чуркап чыксак эле бар жок өрт. Коңшуларыбыз бала чаксы менен күйүп калды. Коркконубуздан бала чаканы алып мындай өтсөк алдыбызда летчик жатат. 
Дача-Сууда тогуз көчө бар. Анын төртүнчүсүнөн тогузунчуга чейинки эки катар үйдү учак жалмап салды. Анда көпчүлүгүндө үй-бүлөлөр түгөл көз жумду. Мисалга менин артындагы үйдө үй-бүлөнүн алтоосу тең турбай калган.
Бир үй-бүлөнү бүтүндөй өмүрүн алган кырсык. Ата-энеси Орусияда эмгектенип, уулу менен келини үч баласы менен жашачу. Келин көз жараар алдында эле деп кошуналар улутунушат.
Дагы бир күбө Мамасалы аксакал таң эрте малына от салып отурган. Тарсылдаган үндөн чочуп эшикке чыкканда, алоолонгон жалынды көргөн. Кошуналарын жардамга чакырып, күйүп жаткан үйлөргө жакын келгенде учактан агып жаткан күйүүчү майды көрүп, ары тутанып кетпесин деп өчүрүп калууга жетишкен.
Мамасалы, Дача-Суу айылынын тургуну: аны биз кар менен чачып токтотуп калдык. Бир сааттан кийин өрт өчүрүүчүлөр келди. Кире албай кыйла турду. Анан эл көбөйүп калды.

Жумушу эрте башталып же малына чөп салгандар эле таң эрте турбаса, көпчүлүк 7:15 кызуу уйкуда жаткан. Алардын баарын учактын жерге кулаганы бузган. Бирок учактар тынбай учуп тургандыктан мындай трагедиялуу кырсык болоору түшүнө да кирбегенин айтышат.
Ошентип 16-январдын аткан таңы бир канча кыргызстандыкты ойготпой оо дүйнөгө алып кетти. Алардын ар биринин үмүт тилеги аткарылбай, түштөй болуп кете берди.