Жаңылыктар
Кыргызстанда болгон авиакырсыктар
Кырсык
Кыргызстанда болгон авиакырсыктар

Күтүлбөгөн кырсык, кыйылган өмүрлөр. Бүгүн эртең менен Бишкектин четинде самолеттун кулап түшкөнү Кыргызстандын аймагында ондогон адамдын өмүрүн алган эң ири экинчи авиакырсык болуп калды.

Мындан тогуз жыл мурда Бишкек-Тегеран чартердик каттам менен учкан Itek Air авиакомпаниясынын Boeing 737 учагынын кыйрашы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Кырсык 2008-жылы “Манас” аба майданынын жанындагы Жаңы-Жер айылына жакын аймакта болгон. Учак абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй чукул конууга аракет кылганда күйүп кеткен. Бортто болгон 90 адамдын 25и гана аман калган. Учакта Кыргызстан, Иран, Казакстан, Канада, Түркия менен Кытайдын жарандары болгон. Жүргүнчүлөрдүн катарында Тегеранга таймашка жол тарткан баскетбол боюнча жаштар курамасы да болгон эле. Кырсыктын себебине - экипаждын күнөөсү бар тыянак чыккан.

2011-жылы өлкө аймагында дагы бир авиа кырсык катталган. Ош шаарынын аэропортунда Бишкек-Ош каттамын аткарган ТУ-134 самолёту жарылып, бактыга жараша борттогу 80 жүргүнчүнүн баары аман калган. Жети жүргүнчү жаракат алып, 26 адам медициналык кызматка кайрылышкан. Божомолдор боюнча кырсыктын кесепети аба ырайына байланыштуу болгон.
Тилекке каршы 2013-жылдын 3-майында Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында же тагыраагы Чүй облусунун Панфилов районунда АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн КС-135R май куюучу учагы кыйраган. Экипаждын үч мүчөсү каза болгон, башка жабыркагандар болгон эмес. “Манас” авиабазасынан чыккан АКШнын учагы Афганистанга жол тартып бараткан. Бир нече мүнөттөрдөн кийин учак жерге кулап түшкөн.
2015-жылдын 22- ноябры. Туруксуз аба-ырайына байланыштуу Красноярск-Ош каттамын аткарган Avia Traffic компаниясынын Боинг-737 учагы Ош шаарынын аэропортуна катуу күү менен конуп, учуп-конуучу тилкеден чыгып кеткен. Натыйжада учактын дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, 150 метрге чейин сүрүлгөн эле. Бортто 153 жүргүнчү болгон, жети адам ооруканага жаткырылган.