Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек мамилеси жакшырууда
Саясат
Кыргыз-өзбек мамилеси жакшырууда

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тактала элек 58 аймактын 68 пайызы такталды. Бул туурасында Ошко эки күндүк иш-сапары менен келген Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Икрамов билдирди. 

Курамында: Анжиян, Фергана, Наманган облустарынын өкүлдөрү, чек ара жана тышкы иштер министрликтердин өкүлдөрү бар өзбек делегаттарын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тосуп алды.

Миң жылдардан бери кыз алышып, уул үйлөп, кыз беришип чырмалышып келе жаткан элдердин ынтымагын, достугун дайым бир калыпта сактоодо эки өлкөнүн башчылары бардык учурда эле орток пикир таба алган эмес. Албетте, буга эки мамлекеттин ортосундагы суу ресурстарын бирге колдонуу, такталбаган чек ара тилкелери сыяктуу факторлор таасирин тийгизип келген. Өзбекстандын Анжыян облусунда туулуп-өскөн Камола Сайтбаева, Оштун Араван районуна 16 жыл мурун келин болуп түшкөн. Ал, соңку беш жыл ичинде Ош-Анжыян облустарынын ортосундагы «Достук» чек ара өткөрмө алкагындагы чектөөлөр - ата-эне, тууган-уруктун ал-абалын сурап эмес, жамандыктарына да катышууга кыйынчылык жаратып келгенин айтат. Анткени, бекет, 2013-жылдан бери бир тараптуу жабылып калган.