Жаңылыктар
Учак кырсыгы: жардам кабыл алуу пункту ачылды
Кырсык
Учак кырсыгы: жардам кабыл алуу пункту ачылды

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектиси №315 дареги боюнча Ленин райондук администрациясынын имаратында жардам кабыл алуу пунктун ачты. Андан сырткары, жардамдарды кабыл алуучу пункттар социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан бир катар жерлерде ачылды.

Кабыл алуучу пункттар эртең мененки саат сегизден кечки онго чейин иштейт. Бул жерге көбүнчө жылуу кийим-кечелер жана төшөнчүлөр келип түшүүдө. Кабыл алынган жардам атайын журналда белгиленүүдө. 

Андан сырткары, акча каражаттары, азык-түлүк жана курулуш материалдарды кабыл алынууда. 

Азыр өлкө ыйлап турат. Бирөөнүн кайгысына кайдыгер карабай турган учур. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жардам берүүгө кол суналы.