Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелерин тактоо иштери уланууда
Саясат
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкелерин тактоо иштери уланууда

Бул ирет Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Ош шаарында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен жолугушуу өткөрдү. 

Эске салсак, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну бекемдөө аракеттери эки мамлекеттин президенттеринин Самаркандда болгон сүйлөшүүлөрүндө жетишилген болчу. 

Ал арада эксперттер соңку жылдары чек арада катталган чыр-чатактардын  көрсөткүчү  дээрлик эки эссеге кыскарганын белгилешүүдө. 


Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"