Жаңылыктар
Авиакырсыкка учкучтун катасы себеп болушу мүмкүн
Кырсык
Авиакырсыкка учкучтун катасы себеп болушу мүмкүн

Бул тууралуу атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди. Бирок, толук корутунду чыгарыла элек. 

Учурда кырсык болгон жерде тиешелүү адистер иш алып барууда. Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга зарыл жардамдарды берүүнү тапшырды. 

17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп белгиленди.

Түркияга таандык учак таңкы саат жети жарымда кыйраган. Ал Гонкондон Стамбулга бараткан Боинг-747-400 Бишкекте май куюу үчүн токтогону кабарланды. Соңку маалыматтарда айтылгандай кырсыктан 30дан ашуун адам курман болуп, 23 үй талкаланган. Жабыркагандар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылды. Президент Алмазбек Атамбаевге ар өлкөлөрдүн башчылары кырсыкка байланыштуу көңүл айтып жатышат. 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"